Билдирүүгө таянсак, инспекция жарандардын, чарбалык субъекттердин жана жеке ишканалардын санитардык нормаларды сактоосуна өзгөчө көзөмөл жүргүзүүдө.
"Тазалык жана тартипти сактабагандыгы үчүн Чимкентская 37/1 дарегиндеги «Йыса чиркөөсү» жана Саратов көчөсү 10 дарегиндеги Чүй облустук ооруканасы “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Ушул эле берене боюнча мыйзам бузуу фактылары «Ала-Таш» ЖЧКсы, «Дениз» ЖАКы, «Шерой» ЖЧКсы, «Делмар Групп» ЖЧКсы, «Ассорти» жана «Инжир» кафелери тарабынан да катталган.
Ал эми «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 179-берененин 1-бөлүмү менен мыйзамсыз түрдө жарнамалык түзүлүштөрдү орноткон. Бир жуманын ичинде жалпы суммасы 307 миң сомду түзгөн 37 мыйзам бузуу катталган", - деп жазылат маалыматта.
Муниципалдык инспекция борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир адам күн сайын өз аймагынын айланасында тазалыкты камсыздоосу керектигин эскертет.
Бишкекте бир жумада 37 мыйзам бузуу катталып, 307 миң сом айып пул салынды
Борбор калаада бир аптада 37 мыйзам бузуу катталып, 307 миң сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришет. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















