Кыргызстанда жашы жете элек кыздардын төрөтү көп катталууда
Кыргызстанда жашы жете элек кыздардын төрөтү көп катталууда. Бул тууралуу 4-декабрда Улуттук статистика комитетинин башкы эксперти
Гүлкумар Абдуллаева гендердик статистика боюнча өткөн тегерек үстөлдө билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
2012-жылы 15-17 жаштагы 1000 кыздын ичинен 8 төрөт туш келсе, ал эми 2011-жылы
1000 кызга 9 төрөт туш келген. "Бул көрсөткүч биздин балдардын моралдык тарбиясынын төмөндүгүн
көрсөтүп жатат. Мындай жыйынтык өспүрүмдөрдүн жыныстык жактан маалыматы жоктугунан деп билсек болот. Бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер акча табуу менен алек болуп,
балдар өз алдынча тарбияланып жатат. Эрте баш кошуу, эрте төрөт кыздын ден соолугуна
чоң коркунуч алып келет",- деди ал.
Мындан сырткары акыркы учурда Кыргызстанда эркектер арасында тукумсуздук
көбөйгөндүгүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

