super.kg logo

Бакай Банкта Олимпиадалык стипендиялардын тапшырылышы (фото)

 

Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Бакай Банктын кеңсесинде атайын банктык карталарды тапшыруу аземи болуп өттү, ал карталар аркылуу Кыргызстандын 15 спортчусу Эл аралык Олимпиада Комитетинен өзгөчө стипендияларды алып турушмакчы.

Стипендианттардын курамында Олимпиада байгелерине ээ болгон даңктуу үч спортчубуз, ошондой эле көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү бар. Атлеттер Парижде 2024-жылкы оюндар башталганга чейин стипендия алып турушат. Мунун өзү ар бир спортчу үчүн эң негизги мелдеш болуп саналган - Олимпиадага даярданууга мыкты колдоо болмокчу.

Иш-чарага спортчулардын өздөрүнөн тышкары расмий адамдар жана Улуттук Олимпиада Комитетинин өнөктөштөрү келишти. Бакай Банктын атынан Башкарманын төрайымынын орун басары Ченгиз Лариса төмөнкүчө сөз сүйлөдү:

—Спорт бириктирет. Спорт дем берет жана шыктандырат. Спорт – сергек адамдын жана коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ошол себептен Бакай Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада Комитетинин расмий өнөктөшү болгон. Биз өзүбүздүн таланттуу спортчуларыбызды ар дайым колдойбуз. Алардын азыркы жетишкендиктерине чын жүрөктөн кубанычтабыз жана келечекте жеңишке жетүүлөрүнө терең ишенебиз.

Улуттук Олимпиада Комитетинин президенти Садыр Мамытов колдоо көрсөтүшкөндүктөрү үчүн өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирүү менен төмөнкүлөрдү айтты:

— Сиздер менен биргеликте Кыргызстанда спортту, сергек жашоо образын даңазалоого жана олимпиадалык кыймылды өркүндөтүүгө багытталган көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашырарыбызга ишенем!

Садыр Мамытов учурдан пайдаланып, бардык катышуучуларды Кыргызстандын курамасынын Турцияда 5-жолку өткөрүлгөн Ислам шериктештик оюндарындагы мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиги менен куттуктады.

Биз ар бир спортчубуз менен сыймыктанабыз. Өлкө өзүнүн чыгаандарын билүүсү үчүн 15 стипендианттын тизмесин жарыялайбыз. Биз силерге ишенебиз! Чемпиондорго даңк!

Бакай Банк – өлкө менен бирге!

Эл аралык Олимпиадалык Комитеттин стипендианттарынын тизмеси:

1 Махмудов Акжол
2 Тыныбекова Айсулуу
3 Жуманазарова Мээрим
4 Акматалиев Эрназар
5 Шаршенбеков Жоламан
6 Мырзаназар уулу Бекболот
7 Осмонов Алибек
8 Билимбекова Кальмира
9 Петрашов Денис
10 Золоев Владимир
11 Кенешбеков Нурсултан
12 Сатарова Гулшаной
13 Рустамбек уулу Нурадин
14 Медет кызы Айпери
15 Расулбеков Бекдоолот






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: