Эл өкүлү экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартууну сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу демилгесин сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган.
Сунушталган мыйзам долбоору төмөндөгүдөй:
- Жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденцияда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну токтотуп, чыгып кетсин;
- Мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын токтоткон күнү өзүнө жана жубайына, багуусундагы жашы жете элек балдарына акысыз берилген медициналык тейлөө алып салынсын;
- Мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылсын;
- Мамлекетке караштуу телефон, интернет жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрүн өкмөттүк разрядда тейлөө беренеси жокко чыгарылсын;
- Жогорку кызмат адамдары коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз жанынан төлөсүн.
Мыйзам долбоорунун автору экономикалык жактан кубаттуу Түркия, Кореянын кызматтан кеткен мамлекет башчыларына Кыргызстандын экс-президенттериндей артыкчылыктар берилбей турганын белгилеген.
Белгилей кетсек, учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















