super.kg logo

Тайванга баруу менен дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бурган Нэнси Пэлосинин күйөөсү 5 суткага камалды

 

АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин күйөөсү Пол Пелоси Калифорнияда мас абалында унаа айдаганын моюнуна алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 82 жаштагы Пол Пелоси беш күнгө абакка кесилип, 6800 доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Бирок сот анын кармалгандан бери камакка отурганын эске алып, 4 күндү кыскарткан. Калган бир күн эркинен ажыратуу жазасы коомдук жумуштарга алмаштырылат.

Пол Пелоси өзүнүн Porsche унаасы менен жол тандабасты сүзгөн. Кийин анын мас абалында унаа башкарганы аныкталып, камакка алынган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Пол Пелоси менен Нэнси Пелоси менен 1963-жылы үйлөнгөн. Алардын беш баласы жана тогуз небереси бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: