super.kg logo

"Көзөмөл катуу болот!". Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиев "Кумтөргө" барды (фото)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев "Кумтөр" кенине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров кеңешме өткөрүп, алтын өндүрүүчү ишкананын жамаатына "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жаңы дайындалган президенти Алмаз Барыктабасовду тааныштырды.

Ал белгилегендей, компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп Болотбек Идирисов дайындалды.

"Кумтөр" Кыргызстандын элине иштеши керек. Биз ишкананын менеджментинен эффективдүү жана сарамжалдуу башкарууну талап кылабыз. Жерде нандын бир күкүмү да жатпашы керек. "Кумтөр" элдин байлыгы жана ал элге гана пайда алып келиши керек. Ишке карата көзөмөл катуу болот. Эч кандай коррупциялык көрүнүштөр болбоосу тийиш. Карьер бир секундга да ишин токтотпошу керек. Иште эч кандай кемчиликтер болбошу керек. Министрлер кабинетине дүйшөмбүгө чейин иш пландарыңызды тапшырыңыз. Ошол эле учурда 17,5 тонна алтын казып алуу боюнча белгиленген планды аткаруу зарыл", - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле ал компаниянын жаңы жетекчилигине жана кызматкерлерине ийгилик жана жемиштүү иш каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: