Санкт-Петербургда "Дом-2" долбоорунун жылдызынын жансыз денеси табылды
Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы дарыядан "Дом-2" долбоорунун жылдызы Анастасия Кочервейдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.
"Ал дайынсыз жоголуп кетти. Анын Москвада бир аз көйгөйлөрү бар болчу. Ошондой эле аны менен жакындан таанышкысы келген адам анын артынан түшкөн", - деген Кочервейдин курбусу.
Ал ошондой эле маркумдун баңгизат жана алкоголдук ичимдиктерден көйгөйлөрү болгондугун билдирген.
"Достору анын дарылануусуна акча чогултууну каалашкан, ал тургай ага социалдык тармактардан жумуш дагы таап беришкен. Бирок мунун баары ишке ашпай калды. Анастасия Краснодарда апасы жашаган батирди сатып, Санкт-Петербургдан батир алган", - деген курбусу.
Анастасия Кочервей 2018-жылы "Дом-2" реалити-шоусуна катышкан.


