super.kg logo

Садыр Жапаров мугалим, дарыгерлерге ипотекалык батирлер качан берилерин айтты (видео)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров 24-августта Бишкекте УКМК кызматкерлерине курулган батирлердин ачкыч тапшыруу иш-чарасында сүйлөп жатып мугалимдер менен медиктерди жеңилдетилген шарттагы турак жай менен камсыздоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

“Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн ушул чекисттерге эле бере берет? Батир дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип жатабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып коюшуңуздар керек”, - деди Жапаров.

Ал мамлекет мындан ары да мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурарын белгилеп, жакшыртылган ипотекалык программа бир жылга жакын убакыттан бери иштеп жатканын, анын алкагында тиешелүү мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.

Белгилей кетсек, УКМК кызматкерлерине берилген турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Бир эле учурда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул сыяктуу көп кабаттуу үй биринчи жолу пайдаланууга берилди. Ал болгону 1 жарым жылдын ичинде курулган. Бир чарчы метринин баасы 300 долларды түзгөн. Турак жайды курууга республикалык бюджеттен 522,7 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.






Видео: Президенттин басма сөз кызматы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: