super.kg logo

Бишкекте мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат. Иш-чарага мэр катышууда

 

Бүгүн, 25-августта Бишкектеги "Газпром Кыргызстан" мектебинде мугалимдердин август конференциясы өтүп жатат. Иш-чарага калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мугалимдердин жана шаардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышууда.

Мэрдин белгилешинче, бул иш-чара окуу процессин уюштуруунун жаңы формаларын аныктоо жана сапаттуу билим берүү, ошондой эле 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу жана 2022-2023-окуу жылынын муниципалдык билим берүү системасын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

"Бишкектеги мектептердин, мугалимдердин, окуучулардын абалын сурайын деген ниетте бул жыйында сиздер менен жолугуп жатам. Баарыңыздар билгендей эле эл алдындагы сөздү докладдан окуйбуз. Бүгүн докладдагы сөздөрдү окубай, өзүмдүн жүрөгүмдөн чыккан сөздөрдү айтып жатам. Азыркы тапта айлык акы көтөрүлгөнүнө байланыштуу мектепте мугалимдер көбөйө баштады. Бул сиздерге дем-күч берет деген ойдомун. Ушул мезгилге чейин аз айлык болгонуна карабай балдарга билим берип келгениңиздерге ыраазычылык билдирем. Өз ишин таштап кеткендер канча", - деди калаа башчы.

Ошондой эле мэр мектеп жетекчилери шайлоо процессинде кайсы бир партиянын куралы болуп, саясатка аралашып кетип жаткандарын айтты. "Сиздер окуучуларга билим берип, өзүңүздөрдү өнүктүрүүнүн үстүндө иштешиңер керек, балдарды тарбиялаңыздар. Ал эми саясатчылар саясатын жүргүзө берсин", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: