Беларусь өлкөсү Курманбек Бакиевди эмне себептен Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын айтты
Беларустун Жогорку Соту Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура Бакиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн экстрадициялоо боюнча төрт өтүнүч жөнөткөн. Бирок Беларусь Республикасынын Жогорку Соту арызды канааттандыруудан баш тартып, ага анын соттолушу "саясий куугунтукка" байланыштуу болгондугу себеп экендигин билдирген.
Башкы көзөмөл органдан билдиришкендей, качкын президент соттун 2016-жылдын 29-июлундагы чечими менен 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларга жана башка эпизоддорго байланыштуу 30 жылга эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
4

