super.kg logo

Эгемендүүлүк күнүнө карата борбор калааны көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө (фото)

 

Эгемендүүлүк майрамына карата "Ала-Тоо" аянтындагы жашыл аймактарды көркүнө келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Эмен” сейил багындагы, Эркиндик бульварындагы, “Улуттар достугу” кичи сейил багындагы жана борбордун көчөлөрүндөгү чөптөрдү чаап жана отоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы гүлзарлар, Пушкин көчөсүндөгү жана “Эмен” сейил багы менен Өкмөт кичи сейил багындагы гүлзарлар отолуп шаар тургундарынын көңүлүн ачууга даяр.

Ошондой эле Чүй кең көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилишине тамыр системасы жабык бадалдардын жана ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Эми бош турган бурч 2 арча, 2 пузыреплодник жана 4 япон спиреясынын көчөттөрү менен кооздолду.

Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт жана майрам учурунда "Ала-Тоо" аянтынын аймагындагы жашыл аянтчаларга кылдат мамиле жасоону чын жүрөктөн суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: