super.kg logo

Бишкекте 5 жаштагы бала селейме оорусунан улам ооруканада каза болду

 

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 5 жаштагы бала селейме оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5 жаштагы А.А. 23-август күнү саат 21:17де стационарга Токмок шаарынан санитардык авиация линиясы аркылуу алып келинген.

"Бала ооруканага жеткирилген учурда анын дене табы 38,5 градус болуп, ичтин оорушу, жутуунун кыйындашы, тердөө сыяктуу белгилер байкалган.

Апасынын айтымында, бала 10 күн мурун сол буту менен мыкты басып алып, аксап баштаган. Профилактикалык эмдөөнү төрөт үйүнөн эле алган. Андан бери бир да эмдөө алган эмес. Абалы оорлогондон улам ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ага селейме диагнозу коюлган. Бардык көрүлгөн аракетке карабастан 25-августка караган түнү ооруканада көз жумду", - деп билдиришти министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: