Казакстанда мектептерден орус тилин алып салуу сунушталды
Казак акыны Ауыт Мукибек Казакстандын билим берүү министри Асхат Аймагамбетовго орус тилин мектеп программасынан алып салуу талабы менен кайрылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Орус тили керек эмес. Аны мектеп программасынан биротоло алып салуу керек”, - деген казак акыны.
Нурсултан Назарбаевге жазган ыры менен таанылган акын ошондой эле орус тилин үйрөнгүсү келгендер орус мектепте окуса болорун кошумчалаган.
Буга чейин Украинанын Херсон облусунун администрациясы орус тили облустун мектептеринде окутуунун негизги тили болуп, украин тили өзүнчө предмет болорун билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.