Эски чөнтөк телефону үчүн киши өлтүргөн эки адам кармалды
Эски чөнтөк телефону
үчүн киши өлтүргөн эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз
кызматы бүгүн, 5-декабрда билдирет.
Автор: Темирбек Матаев
Маалыматка караганда, Ленин РИИБине Бишкек
шаарындагы Некрасов көчөсү менен темир жол кесилишкен аймакта белгисиз адамдын
жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Ошол замат башкармалыктын
кызматкерлери кылмыш болгон жерге барып, иликтөөлөрдү жүргүзгөн. Натыйжада өлтүрүлгөн
адам 30 жаштагы Ж.Улан экендиги аныкталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп,
кылмышкерлерди табуу аракети башталган.
Иликтөөнүн
жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун 31 жаштагы тургуну Т.Канат менен Ош облусунун
35 жаштагы тургуну М.Исмаил колго түшүп, алардын ноябрь айынын аяк
ченинде Ж.Уланды сабап, чөнтөк телефонун тартып алганы белгилүү болгон. Ж.Улан катуу токмоктон улам жан берген.
Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп,
кылмышка шектүүлөр Бишкек шаарындагы №1-тергөө абагына камалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.