Айнуру Алтыбаева, депутат: “Мамлекеттик каттоо кызматынын жеке менчик имаратта отурганы туура эмес”
“Улуттук коопсуздукту ойлойлу. Мамлекеттик каттоо кызматынын жеке менчик имаратта отурушу туура эмес”,- деди ЖКнын 5-декабрдагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева. Жакында аталган кызмат жайгашкан имараттын ээси ижара акысы төлөнбөгөндүктөн мамкаттоо кызматкерлерин имаратка киргизбей койгонун айтты депутат. “Мамлекеттик каттоо кызматында мамлекеттик документтер, сервер бар. Анан кантип ал жерге жеке бирөө кызматкерлерди киргизбей коёт? Коопсуздукту ким ойлойт? Аталган кызматты мамлекеттик имаратка көчүрүү зарыл”,- деди Алтыбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

