Сентябрда транспорт жана турак жай салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт
Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзамга ылайык, белгиленген жер салык милдеттенмесин мөөнөтүндө төлөөгө үлгүрбөй калган транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участок ээлигинин негизги суммасынан тышкары административдик айып төлөөгө, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.
Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:
– Транспорт каражатына салык;
– Турак жай имаратына (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган, үй, батир) салык;
– Үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
Салык төлөгөнгө чейин маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg “жеке кабинети” аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшыруу зарыл.
Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

