super.kg logo

"Футболка жана мээлей". Садыр Жапаров мушкер Дмитрий Биволду кабыл алды (фото)

 

Бүгүн, 26-августта президент Садыр Жапаров бокс боюнча жеңил салмактагы Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол жана жеке машыктыруучусу - Геннадий Машьянов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө башчы Дмитрий Бивол менен учурашып, аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады.

“Биз сенин карьераңды жакындан байкап турабыз, өзгөчө азыркы замандын эң күчтүү мушкери Сауль Альвареске каршы акыркы беттешиңди белгилегим келет. Бул жеңиш сенин деңгээлиңден жана даярдык даражаңдан кабар берет. Дагы бир жолу чемпиондук наамыңды коргошуң менен куттуктайм. Сен анча чоң эмес шаардан – Токмоктон чыккан жөнөкөй жигит дүйнөлүк спорттук аренада ийгиликке жете аларын далилдедиң”, - деди Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге президент машыктыруучулар курамынын, негизинен чыныгы дүйнө чемпиондорун тарбиялай алган Геннадий Машьяновдун чоң ролун да белгиледи.

“Мен спортчулардын ар бир ийгиликтүү таймашын жана машыктыруучулардын эмгегин жогору баалайм. Силердин ийгилик, силердин ата мекендик спорттун өнүгүшүнө кошкон салымыңар – бул спорт менен машыгууну каалаган жаштарга үлгү болуу. Биздин мамлекет ар дайым бул багытты колдоого даяр”, - деп белгиледи өлкө башчы.

Садыр Жапаров Кыргызстан дене тарбия жана спортту, анын ичинде Дмитрий Бивол сыяктуу чемпиондорду тарбияло үчүн боксту да өнүктүрүүгө чоң көңүл буруусун уланта берерин кошумчалады.

Өз кезегинде Дмитрий Бивол Мамлекет башчысына жолугушуу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кыргыз мушкерлери менен бирге машыгуулардан алган таасирлерине токтолуп, бул жер машыгуу үчүн эң сонун экенин белгиледи.

"Баарлашуунун жүрүшүндө мушкер Кыргызстанда бокстун өнүгүшүнө болгон көз карашы менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаш спортчуларын даярдоого зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Соңунда президент Садыр Жапаров Дмитрий Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырды. Ошондой эле Дмитрий Бивол мамлекет башчысына футболка жана символикалык мээлейди тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен. Ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча жеңил салмактагы Дүйнө чемпиону.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: