super.kg logo

Кагылышта Тажикстанды колдогон орусиялык блогер Асхаб Тамаев сабалды

 

Дагестандын Махачкала шаарында белгилүү YouTube блогери Асхаб Тамаев сабалды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, блогер унаасын туура эмес токтоткондугу үчүн сабалган. Ал унаасын Махачкладагы "Этажи" соода борборунун астына токтотуп койгондуктан тыгын жаралган. Ал унаасына келгенде бир топ адамдар аны күтүп турган. Жыйынтыгында жаңжал орун алып, Тамаев сабалган.

Блогерди сабаганга шектелип Махачкаланын 28 жаштагы тургуну кармалган. Учурда полиция бул боюнча иликтөө ишин жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, былтыр, 2021-жылы апрель айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда орун алган жаңжалдан кийин Тамаевдин Тажикстанды колдоп чыккандагы видеосу тараган.

Видеодо ал Тажикстандын улуттук кийимин кийип, "Тажикстан, Ворух, биз силер менен. Өзүңөрдү колго алгыла" деген.

Кийинчерээк Тамаев видео боюнча өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түшүндүрмө берген. Айтымында ал эки элдин ортосунда кагылышуу орун алганын билген эмес.

"Биз видео тартып жатканда Тажикстандын улуттук кийимин кийген адам мага келип, Асхаб, сен Ворухка салам айтып коё аласыңбы деди. Мен түшүнбөй, Ворух ал эмне деп сурадым. Ал мага "Тажикстанда трагедия болгон айыл, чын дилиңден колдоп койчу" деп айтты. Көрсө, алардын ортосунда башка өлкө менен кагылышуу болуптур. Мен муну чындыгында билген эмесмин. Кимди капа кылган болсом кечирип коюңуздар. Мен тынчтык жана жакшылык тараптамын", - деген Тамаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: