super.kg logo

Өзбекстандын президенти Каракалпакстандын жетекчисин алмаштырды

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 26-августта Нукус шаарында өткөн жыйында Каракалпакстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Мурат Камаловду кызматынан бошотту. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз катчысы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Шавкат Мирзийоев Каракалпакстанга канчалаган эбегейсиз каражат бөлүнгөнүнө карабай, көйгөйлөр чечилбей жатканын жүйө келтирген.

Тилекке каршы, айрым жетекчилер элибиздин бакубаттуулугун камсыздоого багытталган каражаттарды натыйжасыз сарптап, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн күрөшпөй жатышат” ,- деп билдирген Мирзийоев.

Жыйында Жогорку Кеңештин төрагалыгына сунушталган Аманбай Орынбаевдин талапкерлиги колдоого алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: