Тарыхый табылга. Монголияда Илтериш каганга арналган байыркы эстелик табылды





Монголиянын Архангай аймагына караштуу Номгон түздүгүндө илимий археологиялык казуу иштеринин натыйжасында Илтериш каганга арналган байыркы эстелик табылды. Бул тууралуу Түрк академиясынын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Нурдин Усеев билдирди.
Маалыматка ылайык, табылган комплекстин жалпы аянты 49х41,5 метрди түзөт. Аталган комплекс Батыштан чыгышка карай сүйрү формада жайгашкан жана тегерегине арык казылып, бул жерден топурактан сепил курулганын байкоого болот. Комплекстин батыш тарабындагы аянттын ортосунда тешиги бар таш кумура жайгашкан. Мындан сырткары, таштан жасалган адамдын фигуралары, эки баласы менен арстандын айкели жана эки койдун айкели да табылды. Комплекстин эшик тарабынан чыгыш тарапка карай 51 балбал таш жанаша коюлган. Алардын ичинен Ашина династиясына таандык «теке» символундагы беш балбал таш аныкталды. Табылган баалуу эстеликтин эки бетинде 12 саптан турган байыркы түрк жазуусу орун алган. Ал эми эстеликтин үчүнчү бети байыркы согду тилинде жазылган.
"Бул илимий ачылышка катышкан илимпоздор аталган эстеликтеги контекстте «Теңир», «Түрк», «Кутлуг», «Түмөн» сыяктуу бир катар сөздөрдү аныктап окуду. Эстеликте жазылган маалыматтарга таянып, Күлтегин менен Билге кагандын атасы Илтериш Кутлуг каганга арналган эстелик деген тыянак чыгарышты. Өзгөчө баса белгилеп кетчү нерсе эстеликтеги «түрк» деген ысым байыркы түрк дооруна таандык эң алгачкы жазуу болуп кала бермекчи.
Жалпысынан Номгон комплекси бардык өзгөчөлүктөрү менен эске алганда Билге Каган жана Күлтегин жазма эстеликтерине окшош. Номгон жазма эстеликтин үстүнкү бетинде ажыдаар түрүндөгү эки карышкырдын башы ылдый каратып чегилген. Таспар каган, Билге, Күлтегин кагандардын жана башка эстеликтердин чокусуна каганаттын символу болгон ажыдаар сымал, карышкыр баштуу форма тартылган.
Түрк академиясы Номгон казууларынын жыйынтыгы боюнча илимий китеп даярдап, түрк тектүү мамлекеттерде китептин ачылыш аземин өткөрө турганын билдирди. Түрк Академиясы түркология жаатында Монголиядагы байыркы түрк дооруна таандык эстеликтердин казуу иштери келечекте да улана турганын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Монголиядагы Номгон түздүгүнө карата казуу иштери 2019-жылы башталган эле. Бирок Соvd-19 илдетине байланыштуу эки жылдан бери үзгүлтүккө учурады. Бул илимий экспедиция 2022-жылдын июль айында кайра жанданып, чоң ачылышка себеп болду", - деп билдирди Нурдин Усеев.

