Орусияда эне-бала өрттөнүп жаткан имараттын төртүнчү кабатынан секирди (видео)
Орусиянын Сахалин аймагында эне-бала күйүп жаткан үйдүн төртүнчү кабатынын терезесинен секирип, аман калышты. Окуя болгон жерден тартылган видео Телеграм каналдарга жарыяланды.
Видеодо көрүнгөндөй, төртүнчү кабаттан өрт чыгып, эне-бала отурган эки бөлмөнү түтүн каптаган. Алар эшик аркылуу сыртка чыкканга үлгүрбөй калышкан. Өрт өчүрүүчүлөр келгиче адамдар жерден одеялону тосуп, секирүүсүн айтышкан. Алгач энеси баласын секиртип, артынан өзү секирген.
Бактыга жараша, эне-бала тирүү калган. Учурда алар ооруканада.
Орусияда эне-бала өрттүн айынан төртүнчү кабаттан секирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.