Кант шаарында түтүнгө ууланып бир адам каза болду
Кант шаарындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үй ээси түтүнгө ууланып каза болду. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов билдирди.
Маалыматка ылайык, турак үйдүн бир бөлмөсүнөн өрт чыгып, төшөнчүлөр күйгөн. Анын кесепетинен 1951-жылы туулган үй ээси Ч.Н. түтүнгө ууланып каза тапкан.
Алдын ала маалыматтарга караганда өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.