super.kg logo

Орус-казак чек арасында сабалып, унаасы талкаланган Кыргыз жараны окуянын чоо-жайын айтып берди (видео)

 

Орус-казак чек арасында сабалып, унаалары талкаланды делген Кыргызстандын жарандарынын бири аталган окуянын чоо-жайын айтып берди. Интернет айдыңында тараган видеодо белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко кабылышканын айткан жаран, социалдык тармактарда алар такси айдоочусу болгон жана кезек талашуудан уруш чыккан делген маалыматтын жалган экенин айтат.

Биз эч кандай такси айдоочусу эмеспиз. Туугандарым менен кирди-чыкты кылууга барганбыз. “Озинки” өткөрүү бекетинде кезекте турган маалда күрт улутундагы жарандар бизден озуп өтүп, башаламан кылышкан. Аларга теңелген эмеспиз. Анан эле Орусиянын өткөрүү бекетине киргенде чек арачылар алардын кезекти бузуп киргенин билип калышыптыр жана аларды кармап калып, бизди өткөрүп жиберген.

Андан кийин кайра Орусияга келе жаткан учурда дагы кезекти бузуп, башаламандык кылышты. Анан ошол жердеги кыргыз балдар менен бир аз талашып-тартышып кетишкен, биз силерди алдыңардан тосуп алабыз деп айтышкан. Биз кыргыздар дагы баарыбыз чогуу кетели, өткөрүү бекетинен өткөндөн кийин бири-бирибизди күтүп туралы деп сүйлөшкөнбүз. Анан биз өтсөк эле эч ким жок экен. Бул жактан таанышкан дагы бир унаадагы кыргыздар болуп, эки унаа менен ээрчишип жолго чыктык.

Жолдо келе жатсак айткандай эле алдыбыздан чыгышты. Унаалары менен жолду тороп коюшкан экен. Артка бурулганга дагы мүмкүнчүлүк болбой калды. Биз токтоп калганда эле жабылып келип унааларды талкалап, өзүбүздү сабап салышты. Сүйлөшкөнгө дагы жарашкан жок. Ал эми үчүнчү унаадагы Казак жараны экен, алар жөн эле аркабыздан келатышыптыр", - деп билдирген ал.

Эске салсак, буга чейин интернет айдыңында Орусиянын Казакстан менен чек арасына бара жаткан жолдо кыргызстандыктар сабалып, унаалары талкаланды делген видео тараган. Анда жабыркагандардын арасында алты жашар кыз бар экендиги айтылган.






Видео: Санжар Калматай

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: