super.kg logo

Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлүүдө

 

Учурда борбор калаада 4-топтогу (унаа) мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулар арасында алдын ала түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май акимчилигинин кызматкерлери патрулдук милиция кызматы жана мамлекеттик салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте "Ала-Тоо" аянтында рейд өткөрүштү. Анда 50гө жакын унааларды текшерип, анын ичинен салык төлөбөй жүргөн 20дан ашуун айдоочу аныкталды. Ошондой эле салык органдарында каттоодо турбаган таксисттерге 5 акт түзүлдү.

Свердлов районунда да транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Транспорттук салык боюнча рейддин жыйынтыгында салык дүмүрчөгүнүн жоктугуна 69 акт, патентсиз иштеген таксисттерге 7 акт түзүлгөн.

Белгилей кетсек, рейддер салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча гана эмес, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында да улантылууда. Жарандар транспорт салыгын 2022-жылдын 1-сентябрына чейин төлөшү керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: