Орусияда кафеден чыккан чырдан улам ок атылып, Кыргыз жараны каза болду
Орусиянын Зеленоградск административдик округунда чырдан улам ок атылып, Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматында жазылат.ТИМдин маалыматына таянсак, 26-августка караган түнү Зеленоградс районунда жайгашкан кафелердин биринде жаңжал чыгып, шектүү ок атуучу куралдан ок чыгарып, андан кийин качып кеткен.
Натыйжада октон 2 Кыргыз жараны жабыркаган. Алардын бири 1989-жылы туулган Х.Х.И. жеринде каза болуп, дагы бири К.Р.М. ооруканага жаткырылган.
"Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүү катары Орусиянын 1984-жылы туулган К.П.Л. аттуу жараны кармалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Элчиликтин юристтери маркумдун жакындары менен байланышта", - деп жазылат маалыматта.
Бул маселе Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин көзөмөлүндө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:56
2025-11-01
12:54
2025-11-01
11:30
2025-11-01
21:34
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















