super.kg logo

Таласта зордуктоого кабылды делген жашы жете элек кыз Бишкекте көз жарды

 

Таласта зордуктоого кабылган 17 жаштагы кыз Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде көз жарды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Айтымдарында, өспүрүм кыз кесарево жолу менен эркек баланы жарык дүйнөгө алып келгени айтылды.

Белгилесек, буга чейин, 28-июнь күнү Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун Манас айылынын 2005-жылы туулган Ж.Ю. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал ушул эле айылдын тургуну, 2003-жылы туулган С.Ш. аттуу баладан кош бойлуу болуп калгандыгын билдирген.

Бул факты Талас РИИБинде маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Анын жүрүшүндө 24 жумалык кош бойлуу экендиги аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси "зордуктоо" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: