Орусиялык популярдуу КВН оюнчусу үйлөнүү тоюна бир ай калганда каза болду



Орусиялык КВН оюнчусу жана алып баруучу Никита Сумароков үйлөнүү тоюна жетпей каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал Нижний Тагилде үйлөнүү тоюна бир ай калганда көз жумган.
"Ал көчөдө болчу, досторуна конокко келген. Гаражга эки мүнөткө кетип, ошол бойдон кайрылып келген эмес", - деп маркумдун досу билдирген.
Жолдоштору аны таап, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Бирок ага карабастан ал каза болгон. Учурда окуянын себептери такталып жатканы айтылат.
"Никита Сумароков 11-сентябрда 31 жашын, 23-сентябрда үйлөнүү тоюн белгилеши керек болчу", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.