super.kg logo

Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык браконьерлердин торлору алынды (фото)

 

Бир апта ичинде Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык браконьерлердин торлору алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталды.

Түзүлгөн топтор 20-августтан 27-августка чейин Түп, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун айрым аймактарында браконьерлик торлорду тазалоо иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында өткөн аптада көлдөн жалпы узундугу 51 миң 400 метр болгон 514 даана браконьерлик торлору чыгарылганы айтылат.

"Иштин жүрүшүндө сууда жүрүүчү моторлуу кайыктардын ээлери да аныкталып, алар менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Балыктарды жана суу жаныбарларынын башка түрлөрүн мыйзамсыз кармагандар үчүн мыйзам чегинде кандай жоопкерчиликтер каралгандыгы жеткирилүүдө.

Спорттук балык уулоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелерин сактоо жөнүндө ышкыбоз балыкчылар менен да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коопсуздук чаралары жана көлдөгү жүрүм-турум тууралуу маалымат берилди", - деп жазылат маалыматта.

Бул иш-чара Пристань-Каракол айылчасынан баштап Балыкчы шаарына чейинки көлдүн бардык акваториясында өтүп, Ысык-Көлдөгү браконьерлердин акыркы торлору тазаланганга чейин жүргүзүлөрү айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: