super.kg logo

3 күн калды! Транспорт жана кыймылсыз мүлк салыгын онлайн төлөп жетишип калыңыз

 

Кыргызстандыктар 1-сентябрга чейин транспорт, турак жай жана короонун жанындагы жер салыгын тѳлѳѳгѳ милдеттүү. «О!Деньги» капчыгы аркылуу салыктын бардык түрлѳрүн ыӊгайлуу жана тез тѳлѳсѳ болот.

Муну кантип аткарса болот:

  1. «Мой О!» тиркемесин орнотуӊуз же жаӊылаӊыз.
  2. «О!Деньги» бѳлүмүн ачыӊыз.
  3. «Салыктар» жана керектүү категорияны тандаӊыз.
  4. Маалыматтарды толтуруӊуз.
  5. Телефондун балансынан, капчыктан же картадан тѳлѳӊүз.

Транспорт салыгын тѳлѳш үчүн унаанын маалыматтары менен ээсинин ИНН номерин көрсөтүү жетиштүү. Сервис автосалыктын суммасын автоматтык түрдѳ эсептеп чыгып, бир нече клик менен жана комиссиясыз тѳлѳѳ мүмкүндүгүн берет. Кененирээк маалымат видео нускамада: https://youtu.be/aWzFc93HvNY

Тѳлѳм ишке ашырылгандыгы жѳнүндѳ электрондук дүмүрчөктү оңой эле сактап, же болбосо өзүңүздүн почтаңызга же мессенжериңизге жиберип, чыгарып ала аласыз. Ал эми төлөмдүн статусун дүмүрчѳктүн номери боюнча МСК сайтынан текшерип алууга болот.

«О!Деньги» капчыгы аркылуу дагы 200дѳн ашуун мамлекеттик кызмат үчүн тѳлѳм жүргүзүү мүмкүн экенин эскерте кетмекчибиз:

  • Паспорт даярдоо үчүн тѳлѳм;
  • Юстиция министрлигинин сервистерин жана нотариустун кызматтарын тѳлѳѳ;
  • ИИМ кызматтарын тѳлѳѳ (соттолбогондугу тууралуу маалымкат, апостиль басуу);
  • ЖААК кызматтарын тѳлѳѳ (никелешүүнү жана никени бузууну каттоо, баланын тѳрѳлгѳнүн каттоо ж.б.);
  • Камералардан жана колго жазылган айып пулдарды тѳлѳѳ;
  • Патенттерди тѳлѳѳ жана башка кѳптѳгѳн кызматтар;

Google Play же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин орнотуӊуз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан берилет. КРУБ №2021030817, №3022030817 лицензиялары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: