super.kg logo

Бишкектеги СИЗО-1де айыпталуучу каза болду. ЖАК окуя боюнча билдирүү таратты

 

Бишкектеги СИЗО-1де каза болду делген жаран боюнча Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) билдирүү таратты. Аталган мекеменин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-августта таңкы саат 05:40 чамасында №21 мекеменин (СИЗО-1) режимдик корпусунун камерасында эртең мененки тамакты таратып жаткан учурда камерадан 1987-жылы Чүй облусунда туулган К.И.М. аттуу жаран эс-учун жоготкон абалда табылган.

Нөөмөткө чакырылган фельдшер ага биринчи жардам көрсөткөн, бирок бул оң натыйжа берген эмес. Саат 06:26да келген "Тез жардам" кызматы ал биологиялык өлүмгө учураганын билдирген. Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Бишкек шаардык медициналык экспертизанын республикалык борборунун кызматкерлерине соттук-медициналык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган. Экспертизанын жыйынтыгында денесине залал келтирилгени аныкталган эмес.

“Так диагноз коюу үчүн Бишкек шаарынын Республикалык медициналык жана медициналык баа берүү борборунун соттук-медициналык эксперттери изилдөөгө кирген күндөн тартып 30 күндөн кем эмес убакыт талап кылынат. Учурда Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ал мурда соттолгон, Бишкек шаарынын тургуну болгон. Ушул жылдын 26-августунда Чүй районундагы №26 жатак абактан качып кетүү фактысы боюнча СИЗО-1ге киргизилгени кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар СИЗО-1де адам өлүмү катталганын маркумдун жакындары билдиргенин жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: