Өзбекстанга мыйзамсыз бодо мал айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы Ала-Бука отрядынын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз түрдө мал айдап өтүүгө аракет кылган Кыргыз жаранын кармаганын билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Булак тилкесинде мамлекеттик чек арага жакын жерден чек арачылар Сөгөт айылынын тургуну 1986-туулган О.А.ны кармашкан. Ал 6 баш бодо малды Кыргызстандан Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылганы айтылат.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, бодо малдын баасы 300 миң сомду түзгөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана бодо мал кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:20
2025-08-10
9:08
2025-08-10

14:01
2025-08-09

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.