super.kg logo

Кеминде жол кырсыгынан 5 адам каза болду

 

Чүй облусунун Кемин районунда катталган жол кырсыгынан 5 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 26-августка караган түнү болгон. Анда Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа менен MAN жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы беш адам каза болгон.

Жеңил унаа каршы тилкеге чыгып кетип, MAN жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу учурда ооруканада.

Каза болгон жарандардын бардыгы Кемин районунун тургундары болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: