super.kg logo

Уилл Смит эл алдында шагын сындырган Крис Рок "Оскар" тапшыруу аземинде алып баруучу болуудан баш тартты

 

Америкалык комик Крис Рок "Оскар" киносыйлыгын тапшыруу аземинде алып баруучу болуудан баш тартты. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Крис Роктун бул аземде алып баруучу болуудан баш тартуусу мурунку аземде актёр Уилл Смиттин аны чаап жибергени менен байланыштуу экени айтылат маалыматта.

"Крис Рокко кийинки жылы өтүүчү "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде алып баруучу болууга сунуш түшкөн, бирок ал андан баш тартты. Анын айтымында, "Оскарга" баруу кылмыш болгон жерге кайтып барууга тете", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземинде Крис Рок актёр Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт Смиттин кыска чачы жөнүндө тамашалаган. Тамашадан кийин Смит ордунан туруп келип, Крис Рокту жаакка чаап жиберген. Бул окуя интернет айдыңында кызуу талкууга алынгандан көп өтпөй белгилүү актёр коомчулуктан жана Крис Роктон кечирим сураган. Ал эми апрель айынын башында Netflix кинокомпаниясы актёр тартылып жаткан тасманы токтотуу чечимин кабыл алганы жазылган. Мындан көп узабай АКШнын киноакадемиясы актёр Уилл Смит "Оскар" сыйлыгын өз каалоосу менен кайтарып бериши керектигин талап кылган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: