super.kg logo

Таласта 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 43 жаштагы айылдашы кармалды

 

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 43 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августта Бакай-Ата районунун ​ Кыргызстан айылынын 2003-жылы туулган У.А.​ аттуу тургуну милицияга ушул жылдын 5-февралында ​Майрамбек аттуу киши түн ичинде үйүнөн колу-бутун кайрып унаага салып, белгисиз тарапка алып барып, унааны бекитип алып зордуктап койгондугун айтып арыз менен кайрылган.

Аталган арыздын негизинде тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүү учурунда ​арызда көрсөтүлгөн жаран ​ошол эле айылдын​ 1979-жылы туулган С.М. ​аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин ​1-бөлүмүндө (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: