super.kg logo

Жаңы төрөлгөн ымыркайын көмүп салган деген шек менен 19 жаштагы ата кармалды

 

Свердлов РИИБине 17 жаштагы Бегимайдын төрөп, талаага көмүп салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында, Алтын-Казык конушунун чыгыш тарабынан киндиги кесилбеген, чирип бара жаткан ымыркай кыздын түйүлдүгү табылган.  Учурда түйүлдүк соттук-медициналык экспертизада.

Маалымат боюнча окуя мындайча болгон. 17 жаштагы С.Бегимай 2012-жылы апрелде 19 жаштагы Б.Илгир аттуу жигит менен таанышат. Көп өтпөй андан боюнда болуп калганын билет. Бул тууралуу жигитке айтса, ал ата болгусу келбегенин билдирип, 6 айдан кийин бойдон алдырып салууга боло турганын кошумчалайт. Ошондон кийин эки жаш телефон аркылуу гана байланышып калышкан.

25-октябрда Илгир Бегимайды Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барып, УЗИге түшүрөт. Андан түйүлдүккө 22-23 жума болгонун билишет. Врач-гинеколог У.Арель мында мөөнөт менен аборт жасоого болбой турганын айтып түшүндүргөндө, кыз андан түйүлдүктөн кутулууга жардам берүүсүн суранат. Дарыгер бул кызматы үчүн 15000 сом сурап, 1 жумадан кийин келүүсүн өтүнөт. Белгиленген күндө келген Бегимайга врач толгоо чакыруучу дары жазып берип, 1 күндөн кийин келүүсүн өтүнөт. Анын айтуусу боюнча толгоо бир нече суткадан кийин келмек. Бирок Бегимай ошол эле күнү толготуп, үйдөгүлөрдөн коркуп сыртка чыгат да, көлмөнүн жанынан төрөп коёт. Жигитине чалары менен ал врач жана таанышы Айгер менен кошо жетип келет. Врач кызга ийне сайып, Айгер аны үйүнө жеткирет. Эртеси Бегимай эч нерсе болбогондой жумушка чыгат.

Бир нече күндөн кийин кыз жигитине телефон чалып, ымыркай тууралуу сурайт. Ошондо Илгир аны жууп, ак чүпүрөккө ороп, достору менен бирге чоң жол тарапка көмгөнүн айтат.

Бирок тергөөнүн жүрүшүндө Илгир башкача көрсөтмө берүүдө. Окуяга катыштыгы бар 23 жаштагы А.Айзер, 20 жаштагы Г.Нур, 19 жаштагы Ж.Талан сурак учурунда баары С.Бегимайдын сөзүн ырасташкан. Ал эми 35 жаштагы дарыгер У.Арель кардарларынын көптүгүнөн Бегимайды эстей албай жатканын айткан. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
05.12.2013. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа,жашы жете электер да ушундай жолго барып жатса... Мода сыяктуу эле болуп калды,ушундай окуялар. Ымыркайдын убалы урсун.
05.12.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага кино тартса болгудай го ! Врачты айтсан жаш кызга берген кенешин башка Жакшы жолго угуттогондун ордуна !
05.12.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берки экоо эси жоктук кылыптыр,жаштык кылыптыр дейли а билимдуу врачтын кылганына не дейбиз.Тооба кылдым ыйман берсин!
nazi25 түзөттү 05.12.2013 14:13
05.12.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazi25, ушул силердин кыргызчанарды ондоп жатып туболук БАНга кетмей болдум!
05.12.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, Сени бироо ондо деп жатабы?Банга кетсен жакшы болмок.
05.12.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеси, атасы, врачтачтан баштап баары соттолсун!
05.12.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аттары эле башкача го бул адамдардын,кайсы улуттагылар?
05.12.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын убалын ойлобогондору окундурот.канча адамдар балага зар болуп журот, а булардын кылган иштери...
05.12.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах накажи всех придурков в этом жизне и том жизне по полной программе .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: