super.kg logo

Ирактагы кагылышууда кеминде 30 адам каза тапты (видео)

 

Ирактын борбору Багдадда шиялардын имамы Муктада ас-Садрдын тарапкерлери менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, анын кесепетинен кеминде 30 киши набыт болгонун чет элдик басылмалар жазып чыкты.

29-августтагы тополоңдо 700гө жакын, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн 110 кызматкери жарадар болгону айтылат. Ирактын борборунда коменданттык саат киргизилген. Багдадда аба каттамдары убактылуу токтотулса, коңшу Иран өлкөсү Ирак менен чек арасын жапты.

Муктада ас-Садр өлкөдөгү саясий кырдаал туңгуюкка кептелгенин жүйө келтирип саясий ишмердүүлүгүн токтотууну чечкенин жарыялагандан кийин Иракта нааразычылык акциялары кайрадан күч алды. Анын тарапкерлери муну бийликтин кысымы менен болду деп эсептеп, мамлекеттик имараттарга кайрадан чабуул койгон. Алар Иран колдогон шиит партиялары жетектеген "Координациялык түзүм" тарабынан Мухаммед ал-Суданинин премьер-министрликке көрсөтүлүшүнө каршы бир нече жумадан бери нааразычылык акциясын өткөрүп келишет.

Соңку парламенттик шайлоодо Муктад ас-Садр жетектеген “Садрчылар кыймылы” эң көп мандат алса да өз алдынча башкаруучу коалиция түзө алышкан жок. Ас-Садрдын тарапкерлери өкмөт менен парламентти таратып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.






Видео интернеттен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: