super.kg logo

13 жашар кызды колдон-колго өткөрүп зордуктагандарга карата өкүм чыкты

 

Бүгүн, 30-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда колдон-колго өтүп зордукталды делген 13 жашар кыздын иши боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, судья Азиз Эшалиев айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, эки милиция кызматкерин 15 жылдан, ал эми "Дордой" базарынын кароолчусун 10 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле алардын ар бири 100 миң сомдон моралдык компенсация төлөөгө милдеттендирилди.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 8-июлда башталган. Буга чейин отурумдар ар кандай жүйө менен бир нече ирет жылдырылып келген. SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

Бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери жана “Дордой” базарында күзөтчү болуп иштеген жаран кармалган. Ал эми зордуктоого шектелген төртүнчү жарандын иши Биринчи Май райондук сотунда каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: