super.kg logo

Айтышта казак акыны Замирбек Үсөнбаевге чапанын тартуу кылды

 

Кыргыз улуттук филармониясында XV эл аралык кыргыз-казак айтышы уланууда.

Анда кыргыз акыны Мамбеттокто Мамбеторозо менен казак акыны Мурадым Мирланов айтыш куруп аяктаган соң казак акыны Замирбек Үсөнбаевден бата алып, чапанын жапты.
Ал эми кыргыз акыны Мамбеттокто Мамбеторозо "атама чапан жапсаң уулу болуп мен сага чапан жабам" деп казак акыны Мурадым Мирлановго чапанын тартуу кылды.

Өзгөчө сүрөт менен коштолгон эки акынды эл залдан кетирбей айтыш куруусун суранышты.

Эл аралык айтыш кызуу өтүүдө. Анда 8 кыргыз, 8 казак акыны кызыктуу таймаш курууда.

Айтыш Эгемендүүлүк күнүнө жана Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналып уюштурулган.

Белгилей кетсек, айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт. Айтыштын финалы эртең, 31-августта өтөт.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук "Манас" театры жана республикалык "Айтыш" коомдук фонду уюштуруп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: