Сауд Арабияда социалдык тармактарга жарыялаган билдирүүлөрү үчүн аял 45 жылга эркинен ажыратылды
Сауд Арабияда социалдык тармактарга жарыялаган билдирүүлөрү үчүн Нура аль-Кахтани аттуу аял 45 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Сауд Арабиянын ALQST укук коргоо уюмуна таянуу менен жазып чыгышты.Маалыматта айтылгандай, Нура аль-Кахтани экстремизм, террорчулук жана киберкылмыштуулукка айыпталып, сот аны 45 жылга эркинен ажыраткан.
Бул окуя Сауд Арабияда социалдык тармактарга жарыялаган билдирүүлөрү үчүн узак мөөнөткө соттолгон экинчи учур болуп калды. Буга чейин Сальма аль-Шехаб аттуу укук коргоочу Твиттер аркылуу бийликти сындап жазганы үчүн 34 жылга эркинен ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:52
2025-11-07
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















