1-сентябрдан тарта мектептерде апта башында жана аягында гимн жаңырат
1-сентябрдан баштап жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында мамлекеттик гимн жаңырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.Ага ылайык, тиешелүү чечимге билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кол койгон.
"1-сентябрдан баштап өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык, конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу киргизилет", - деп жазылат маалыматта.
Мындай жөрөлгөнүн максаты - балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-11-26
11:08
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















