super.kg logo
  Саясат  

"Сонун күндөрүбүз алдыда". Жо Байден Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

 

АКШнын президенти Жо Байден өлкө башчы Садыр Жапаровду жана кыргыз элин өлкөнүн эгемендүүлүк алган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

“Америка элинин атынан Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасы биргелешип көп нерсеге жетишти, бирок мен биздин эң сонун күндөрүбүз али алдыда деп ишенем. Ушул татаал мезгилде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жана өнөктөштүктү бекемдөө биздин өлкөлөр, Борбордук Азия жана бүткүл дүйнө үчүн чоң мааниге ээ. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасын жакындатууга болгон аракетиңиз үчүн ыраазычылык билдирем жана алдыдагы жылы жемиштүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: