super.kg logo

Ысык-Көлдө аялын сабаган жарандын иши сотко өткөнү маалым болду

 

Укук коргоочу Камил Рузиев социалдык тармактагы баракчасына “Вентус” бейөкмөт уюмуна үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен Каракол шаарынын 25 жаштагы Б.А. аттуу тургуну жардам сурап кайрылганын жазып чыкты.

"Алар жабырлануучуга Стамбул протоколу боюнча медициналык кароодон өтүүгө жана тергөөдө жабырлануучу катары таанытууга жардам беришкен. Күйөөсү мас абалында аялын 4 жолу ур-токмокко алганын моюнуна алган. Айыптоо корутундусун Каракол шаарынын прокурору жарыялады", - деп жазган ал.

Аталган иш боюнча Ысык-Көл облустук милициясына кайрылганыбызда, окуя боюнча кылмыш иши козголгонун жана соттук кароого жиберилгенин маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 15-августта милицияга Каракол шаарынын тургуну Б.А. жолдошу Б.Д. сабап, денесине залал келтиргенин айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган арыз боюнча териштирүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. 29-августта кылмыш иши Каракол шаарынын сотуна кароого жиберилди”, - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: