Көк бөрү боюнча президенттин кубогун “Алай” командасы жеңип алды (видео)
Бүгүн, 31-августта өткөрүлгөн Эгемендик күнүнө арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогун “Алай” командасы жеңип алды.
Нарын облусунун Эмгекчил айылында өткөн көк бөрү боюнча республикалык мелдеште Биринчи лиганын финалында Ош облусунун “Алай” командасынын оюнчулары Чүй облусунун “Ак-Шумкар” командасын 4:3 эсебинде жеңди.
25-августта башталган Биринчи лигадагы мелдеште 19 команда күч сынашты. Ал эми Жогорку лиганын оюнчуларынын көпчүлүгү улуттук курама командага мүчө болуп, күзүндө Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданып жаткандыктан улам быйылкы мелдешке катышкан жок.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.