Ош. Митинг уланууда. Ахматбек Келдибековдун тарапташтарына этникалык кыргыздар келип кошулду
Бүгүн, 5-декабрда Ош шаарындагы борбордук аянтка Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков жана шаар кеңешинин депутаты Шайлообек Атазовду колдогон тарапташтары кайрадан митингге топтоло башташты. Учурда Оштун борбордук аянтында болжол менен 200-250дөй адам жүрөт. Арасында этникалык кыргыздардын өкүлдөрү да бар. Алардын атынан Талип Айдараов деген жаран эл алдына чыгып “Өзбекстандан келип кыргыз жарандыгын алып жашап жатканыбызга 4 ай болду. Биз митингчилердин талабына кошулабыз” деди этникалык кыргыздардын атынан.
Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

