Караколдо айдоочу улгайган аялды сүзүп алды



Кечээ, 31-августта Каракол шаарында 29 жаштагы айдоочу 75 жаштагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.
Кабарлангандай, окуя саат 15:30 чамасында орун алган. Аял жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жатканда белгисиз унаа сүзүп кеткен. Кырсыктан кийин айдоочу жабырлануучуну ооруканага жеткирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.
Жол кырсыгына катыштыгы бар делип Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кармалган. Ал Түп районунун Ичке-Суу айылынын 29 жаштагы С.Н. аттуу тургуну болуп чыккан. Тергөөдө ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Чогулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол ШИИБинин тергөө кызматына өткөрүп берилди. Унаа айып короосуна киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.