Казакстан дан жана унду экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алды
Казакстанда ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен дан жана унду экспорттоого коюлган чектөөлөр алынып, малды экспорттоого квоталар белгиленди. Бул тууралуу маалымат Казакстандын премьер-министринин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Казакстанда дан эгиндеринен жакшы түшүм күтүлүүдө. Быйыл алар 13 миллион тоннадан ашык буудай жыйнап алууну пландаштырып жатышат. Бул көрсөткүч былтыркыдан 12 пайызга көп дегенди билдирет.
Ички керектөө үчүн 6 миллион 500 миң тоннадай керектелет. Талкуунун жыйынтыгында 2022-жылдын 10-сентябрынан тартып дан жана унду экспорттоого чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынган. Жыйында комиссия асыл тукум малды кошпогондо, бодо малды жана майда жандыктарды экспорттоого сандык чектөөлөрдү (квота) киргизүүнү жактырды.
60 миң баш бука же жалпы малдын 9 проценти, ошондой эле 120 миң баш кой же жалпы малдын 10 проценти өлчөмүндө музоолорду экспорттоого квотаны белгилөө чечими кабыл алынган.
