super.kg logo

Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрөрүн жарыялады

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда 2022-жылдын күзүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болорун жарыялады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

"Ушул күздө кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштайм. Адилеттүү Казакстанды түзүү жолунда комплекстүү реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты керек. Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Ошондуктан мен президенттик мөөнөтүмдү кыскартып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого барууга даярмын.

Ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарынын санын жана мөөнөтүн кайра карап чыгуу зарыл. Мен президенттин мөөнөтүн 7 жылдык мөөнөт менен чектөөнү сунуштайм. Бирок кайра шайлоого барууга тыюу салынат”, - деген Токаев.

Ошондой эле Токаев 2023-жылдан тарта өлкөдө бардык негизги саясий институттар кайра ишке киргизилерин жана жаңыланарын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: