super.kg logo

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды

 

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, шектүү “Дордой” базарында уурулук менен алектенип жүргөн.

"Жөнөкөй кийинген аялдан эч ким шек санабагандыктан, ал ушундан пайдаланып жабырлануучулардын жанына барып сумкалардан капчыктарды жана баалуу буюмдарын уурдап, изин жашырып кетип жүргөн",- деп айтылат маалыматта.

“Дордой” базарында 41 жаштагы аялдын сумкасынан баасы 140 миң сом турган iPhone 13 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын натыйжасында шектүү катары Нарын облусунун тургуну, 1976-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.

Аныкталгандай, шектүү уурдалган телефонду арзан баада сатып салган. Ал эми иликтөөнү Свердлов РИИБи жүргүзүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: