super.kg logo

"Лукойл" компаниясынын вице-президенти Москвадагы оорукананын терезесинен кулап каза болду

 

"Лукойл" мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Равиль Маганов Москвадагы борбордук клиникалык оорукананын терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 67 жаштагы топ-менеджер оорукананын алтынчы кабатындагы бөлүмдө дарыланып жаткан. Ал жүрөк оорусунан улам терапия бөлүмүндө жаткан. Ошондой эле Магановго депрессия диагнозу дагы коюлган.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп, дарыгерлер жана маркумдун жанындагы бейтаптар суралууда.

Равиль Маганов 1993-жылдан бери "Лукойлдун" директорлор кеңешинде болчу. 2006-жылдан бери ал компаниянын биринчи аткаруучу вице-президенти болуп иштеген жана геологиялык чалгындоо бөлүмүн көзөмөлдөгөн. Ал эми 2020-жылы директорлор кеңешин жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: