super.kg logo

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге кайсы эмгеги үчүн наам берилгенин түшүндүрдү

 

Бүгүн, 2-сентябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге эмне үчүн "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражасын ыйгаргандыгын айтты.

"Эгемендүүлүккө ээ болгон мезгилдин соңку жылдарында өлкөбүздө оош-кыйыш бир топ көрүнүштөр, эл биримдигине бүлүк салган окуялар болуп кетти. Кара ниет, чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты. Ал кайгылуу окуялар менен дагы коштолуп кетти. Бул ачуу чындык. Бул чындыкты жашыра албайбыз.

Мына ошондой өлкө башына каран күн түшүп турганда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жайгаштырган эр-азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн баатыр сезгендер ал жакка бармак түгүл караандары көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүдө сап башында бүгүнкү УКМК башчысы Камчыбек Кыдыршаевич тургандыгын эч ким тана албайт. Муну мен өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам.

Анын буга чейин эл кызматында болуп, эл уулу аталган иштери дагы татыктуу бааланып жатканын эл дагы туура көрүп жатат. Бүгүнкү күндө өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан аракеттерин көз жаздымда калтырууга болбойт", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(1)
02.09.2022. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиевке эчак эле берилиш керек болчу, сыйлык кут болсун урматтуу Генерал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: